Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Тажикстандагы парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңгени ырасталды


Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, өткөн жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгында парламенттеги 63 орундун 54ү президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясына тийди. Комиссия башчысынын айтымында, оппозициячыл Исламдык кайра жаралуу партиясына эки депутаттык мандат, дагы үч партияга бирден мандат тапшырылат. Батыштык байкоочулар Тажикстандагы шайлоо демократиялык стандарттарга жооп берген жок деп билдиришкен, Исламдык кайра жаралуу партиясы добуштар бурмаланганын айтып, демонстрация өткөрөөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG