Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Баткенде “Баатыр энелердин” саны 2 миңге жетти


Бул тууралуу облустук акимчиликтен бүгүн “Азаттыкка” маалымдашты. Ага ылайык, буга чейин жалпы облус боюнча 1700дөн ашык “Баатыр эне” болсо, 8-мартка карата дагы 270тей энеге бул наам ыйгарылды. Мындан тышкары Аялдардын эл аралык майрамына карата облус боюнча 350 аялга президент К.Бакиевдин атынан 1,5 миң сом, губернатордун корунан миң сом бөлүндү. Аксай айылынын тургуну, 9 баланын энеси Айша Амираева акыркы мезгилде баалардын кымбатташы менен бирге балдар үчүн мамлекеттик пособиялардын токтоп калышы жаш энелер үчүн чоң сокку болду дейт. (JsA)

XS
SM
MD
LG