Ушул күнү Биринчи май райондук соту мурунку тышкы иштер министри А. Жекшенкуловго өкүм чыгырышы ыктымал деп болжолдонуп жатат. 3-марттагы соттук териштирүүдө адвокаттар, айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгышкан. А. Жекшенкуловдун акыркы сөзү көп болгондуктан сот жараяны 9-мартка жылган. Мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. А. Жекшенкулов былтыр 9-мартта Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камакка алынган болчу. Андан кийин үй абагына чыгарылган. (EBM)