Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Бүгүн Нарын шаарында митинг болот


Нарындыктар электр кубатына бааны төмөндөтүү, тоолуу аймакта мурда берилүүчү жеңилдиктерди калтыруу талабы менен жана вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду өкмөттө эл койгон талаптарды козгогон жок дешип, спорт майданында митинг өткөрүшөрүн “Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясынын Нарын облусу боюнча мурдагы башчысы Эркин Асаналиев билдирди. Маалыматтарга караганда Нарын шаардык мэриясынын юридикалык кызматы митинг өткөрүү тууралуу билдирүү баракчасы келбегендигин белгилеп, мындай акция мыйзамсыз болоорун айткан.

24-февралда Нарын шаарынын чыгыш ыптасындагы Б.Жапаралиев атындагы паркта миңден ашуун адам катышкан митинг болуп, анда башкы талап катары электр кубатын мурдагы баада калтыруу айтылган. 2-мартта Нарын шаарында биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров катышкан жыйын өтүп, нарындыктар көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, бир катар талаптарды койгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG