Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

Коалиция сөз эркиндигин муунтууну токтотууну талап кылууда


“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы Кыргызстан бийлигине билдирүү жолдоп, өлкөдөгү кырдаалды жашырбай чагылдырып жаткан маалымат каражаттарына бут тоспоону талап кылды. Анда 2010-жылдын 11-мартынан тартып “Азаттык” үналгысынын берүүлөрү обого чыкпай калганы, 10-март күнү интернет айдыңындагы Фергана.ру, Белыйпарус, Центразия.ру маалымат агенттиктери ачылбаганы белгиленип, буга бийликтин гана күнөөсү бардыгы айтылган. Билдирүү ээлери мындан тышкары мамлекеттик телерадиокомпаниялар, электрондук жана басма сөз каражаттарында Нарындагы, Алайдагы нааразылык митингдери тууралуу бир да сөз болбогондугу, Италиянын соту тарабынан “эл аралык калпычы” делип издөөгө алынган Е. Гуревич тууралуу такыр унчугушпагандыгын, ал эми бул маалыматтарды жарыялаган басма сөз каражаттары кысымга алынганын белгилешет. Коалиция сөз эркиндигине кысым бийлик уюштуруп жаткан Ынтымак курултайынын алдында жүрүп жатканын белгилеп, “өз жарандарынын так маалыматты билүүсүнө бут тоскон бийликке ишенич жок” деп эсептейт.
“Азаттык” үналгысынын 11-марттан тартып Бишкекте ОК радиосу аркылуу уктурулбай калды. Ошондой эле “Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн обого чыгарууну “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы да 10-марттан тартып токтотту. Аталган телеканал КР байланыш агенттиги лицензиясын узартууга “Азаттыктын” теледолбоорлору үчүн макул болбой жаткандыгын билдирген. Ал эми Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” үналгыларынын жетекчилерине “Азаттыкты” ободон чыгарбоого бийлик тарабынан көрсөтмө болгону кабарланууда.
Бул боюнча президенттин катчылыгы, басма сөз кызматы пикирин билдире элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG