Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Түркия швед парламентинин чечимин кайрадан айыптады


Анкара швед парламентинин Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда, 1915-жылы Осмон империясы тарабынан армяндардын
кырылышын “геноцид” катары баалаган резолюциясын айыптоодо. Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давытоглы кечээ Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Финляндиядагы бейформал жыйыны учурунда швед кесиптеши Карл Билдке резолюция Түркия үчүн күтүүсүз болгонун жана бул өкүнүчтүү экенин, бирок алдыга жылуу керектигин билдирген. Швед парламентинин чечиминен соң Түркия Стокгольмдагы элчисин чакыртып алды жана премьер- министир Режеп Тайып Эрдогандын бул өлкөгө мерчемделген иш сапарын токтотту.

XS
SM
MD
LG