Эркин Европа/Азаттыктын президенти Жефри Гедмин аталган үналгынын кыргыз тилиндеги берүүлөрүн уктуруу чектелгенине байланыштуу тынчсызданып билдирүү жасап, бул көрүнүштү атуулдардын эркин, ар тараптуу, көз карандысыз маалымат алуу укугуна кыргыз өкмөтүнүн бөгөт коюу аракети деп баалады. "Фридом Хаус" эл аралык укук коргоо уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик” деп аталган соңку баяндамасында айтылгандай абал терс жакка ооп баратат. "Азаттык" үналгысын уктуруу Жоогазын ыңкылабынын беш жылдыгын утурлаган толкундоолор, нааразылык акциялары башталарына саналуу күндөр калганда токтотулду. Ушундай эле тынчсызданган билдирүүнү 13-мартта Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар жолдогон болчу. (EBM)