Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Жалган маалымат тараткан Грузин каналынын жетекчиси кызматынан кетпейт


Орустардын басып кириши жөнүндө жалган маалымат тараткан Грузин телеканалынын жетекчиси кызматынан кетпей турганын ырастоодо. "Имеди" менчик каналынын башчысы жана президент Михаил Саакашвилинин жакын адамы Гиоргий Арвеладзе кабар сунуш этилген ыкма үчүн кечирим сурап, коомдо дүрбөлөң салууну көздөбөгөнүн, окуялар кантип өнүгүшү мүмкүн экенин гана көргөзүүнү каалаганын айтты. Ишембинин кечинде канал Россия оппозициянын жардамы менен Грузияны басып алды жана президент Саакашвилинин көзү тазаланды деп маалымдаган. Бул кабар 2008-жылкы согуштун кайталанышынан чочулаган грузиндерди дүрбөлөңгө салды. Оппозиция өкмөт элди ички проблемалардан алаксытуу үчүн маалымат каражаттарын манипуляциялап жатат деп сындады. Саакашвили кабар пайда кылган реакцияны айыптап, ошол эле маалда ал келтирген сценарийди жокко чыгарган жок. АКШнын Тбилсидеги элчиси мындай маалымат таратууну жоопкерчиликсиздик деп баалады.

XS
SM
MD
LG