Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Бүгүн Петровка чатагы боюнча соттук териштирүү улантылат


Анда айыпталуучулар көрсөтмө беришет. 16-марттагы сот жараянында баш-аламандыкты уюштурган деп айыпталып жаткан Уран Рыскулов көрсөтмө берип, өзүнө тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин билдирди. У. Рыскулов Петровка чатагы боюнча өзүнүн күнөөлөнүп жатышын саясий куугунтук деп билдирди. Укук коргоочу Уран Рыскулов өткөн жылы 27-апрелде камакка алынган, ошондон бери убактылуу камоочу жайда. Адвокат Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев көрсөтмө бериши ыктымал.
4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигиттин жазасыз ээн-эркин басып жүргөнүнө кыжырданган петровкалыктар 26-апрелде айылдагы күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылып, тополоң болгон. Натыйжада бир нече күрттүн үйү жабыркаган. Бул ишке байланыштуу милиция БЭКтин мүчөсү “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, жергиликтүү укук коргоочулар Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловду “баш-аламандык уюштурган” деген айып менен 27-апрель күнү камакка алган. Петровка чатагына негиз берген деген себептүү президенттин көрсөтмөсү менен Москва районунун акими, прокурору жана милиция башчысы кызматтан алынган. Ал эми 4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы А. Осмонов Москва райондук соту тарабынан 20 жылга кесилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG