Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

«Ак шумкардын» мүчөлөрүн милиция алып кетти


Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушуу өткөрүп, аларга Курултайдын күн тартибине сунушталган талаптар жазылган кагаздарды берүү максаты менен партиянын мүчөлөрү Улуттук филармониянын алдына чогулушкан. Алар кагаздарын курултайдын айрым катышуучуларына бере баштаган учурда эле милиция келип, 20 чакты кишини машинага салып кеткен. Кармалган кишилердин арасында партиянын төрагасы Темир Сариев да бар. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрү Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Райондук ИИБнын подполковник Бектенбаев аттуу кызматкери баш болгон милиционерлери аларга кармалышынын себебин түшүндүрбөй туруп, түшүнүк кат жазууну мажбурлоодо.
“Ак шумкар” саясий партиясы бүгүн Ынтымак курултайынын катышуучулары менен Улуттук филармониянын алдында жолугушуп, өздөрүнүн курултайдын күн тартибинде киргизилүүсүн талап кылган маселелер жазылган кайрылуусун берүүнү көздөгөн. Анда курултайдын күн тартибинде беш маселе каралышын: Жаңы жылдан кийин сатылган “Түндүк электро” менен “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканаларынын менчикке сатылышы мыйзамсыз деп табылып, мамлекетке кайтарылуусун; электр энергиянын негизсиз көтөрүлгөн тарифи жана коммуналдык төлөмдөр калыбына келтирилүүсүн, электр энергиясын уурдап, сууну мыйзамсыз сатып жаткандар жоопко тартылуусун; президент өз алдында мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик мекемелерге дайындалган туугандарын кетирип, мыйзамсыз мекемелер: Борбордук агентчилик, мамлекеттик министрлик ж.б. жойсун; президент өзүнүн Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруучу Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алуусун; мыйзамсыз соттолгон И. Исаков менен Балыкчы окуясында соттолгондорду бошотуу, Петровка чатагы боюнча оппозициялык ишмерлердин сот процессин токтотууну талаптары жазылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG