Шейшемби күнү болгон соттук жараянда күбөлөрдү суроо соңуна чыккан. Ошондуктан бүгүн тараптардын сөз сүйлөөсү башталат.Бул тууралуу адвокат Александр Типеров “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, биринчи сөз мамлекеттик айыптоочулар-прокурорлорго берилет. Андан кийин айыпталуучу тарап жана алардын жактоочулары сөз сүйлөшөт. Өткөн жылы апрель айылында Петровка айылында орун алган баш-аламандыкка байланыштуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскулов айыпталып жатат. Бирок алар айыптарды четке кагып, саясий ишмердүүлүгү үчүн камалышканын билдирүүдө.(AiT)