Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

«Ак шумкар» партиясы министр М.Конгантиев боюнча билдирүү таратты


Анда “Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев чыныгы генерал болсо, Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөздөрүнүн ар бирин далилдеп берсин” деп айтылат.

Билдирүүдө 24-март күнү ИИМдин башчысы М.Конгантиев курултайда "23-мартта эртең менен филармониянын алдына «Ак шумкар» партиясынын 15 адамы чогулуп, мыйзамсыз пикет уюштурууга аракет кылышты. Алар колдоруна курултайдын делегаттарынын аброюна шек келтирген плакаттарды кармап турушкан. Коомдук тартипти бузганы үчүн милиция кызматкерлери аларды автобуска салып, Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. Ал эми Темир Сариев менен Токтайым Үмөталиева алардын артынан өздөрүнүн унаалары менен барышкан. 24-март майрам күн, камабай эле койолу деп, аларды бошотолу десек, өздөрү «жок, бизди соттогула» деп милиция бөлүмүнөн кетпей койушту. Буга макул болуп, протоколдорду түзүп, административдик чара көрүү үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөттүк. Аларга бир миңден эки миңге чейин айып салынды. Темир Сариев ИИБнин ичинде Таласка, Нарынга, Көлгө, Жалал-Абадга, Ошко телефон чалып, "Бишкектин борбордук аянтында 10 миң киши чогулуп, митинг өтүп жатат, мени камап салышты" деп жалган маалымат таратты" деп айтылат.

“Ак шумкар” партиясы министр М.Конгантиевдин 24-мартта айткандарын төгүнгө чыгарып, “урматтуу генерал мырза, эгерде чынында эле офицердик намысыңыз болсо, курултайда айткан ар бир сөзүңүздү далилдеп бериңиз” деп кайрылды.

“Жергиликтүү мамлекеттик ММКлар бул окуяны канчалык бурмалашпасын, дүйнө коомчулугу "Азаттык" үналгысы, ВВС кызматы жана Орусиянын, Казакстандын, Европанын "Евроньюс" сыяктуу маалымат каражаттары, интернет сайттары жана радиолорунун объективдүү чагылдыруулары аркылуу Кыргызстандагы чыныгы саясий абал менен тааныша алышты. Андыкатан учурдагы бийлик канчалык калп айтпасын, баары бир чындыкты эч качан жашыра алышпайт” деп айтылат билдирүүдө. Бул маалыматты аталган партиянын басма сөз борбору таратты. (AJ)

XS
SM
MD
LG