Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Павлюктун өлүмү боюнча иштин түйүнү чечилеби?


Алматыда киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк
Алматыда киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк

Журналист Г. Павлюктун өлүмүн иликтөө боюнча казак тергөөчүлөрүнө сурак берип келген "Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө. Текебаев шектүү делген 5 адамдын бирин сүрөтүнөн тааныганын билдирди. Кыргыз расмий органдары болсо казак тараптан буга чейин кайсы бир адамдын атын атаган кайрылуу болбогонун тастыктоодо.

Өмүрбек Текебаев казак тергөөчүлөрү кылмышка шектүү деп көрсөткөн беш адамдын сүрөтүнүн ичинен Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун сүрөтүн тааныгандыгын “Азаттыкка” айтып берди. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов болсо Павлюктун өлүмүнө шектүү делген кыргыз жарандары боюнча азырынча казак тараптан эч кандай расмий кайрылуу болбогонун билдирди. Төмөндө "Ата Мекен" партиясынын төрагасы менен Башкы прокуратуранын өкүлүнөн алынган эки маекти сунуштайбыз.

Ө. Текебаев: Павлюктун өлүмүнө шектүү делгендердин биринин сүрөтү мага тааныш


Өмүрбек Текебаев кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол" бекетинде журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 25-марты.

(“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин 27-мартта “Азаттыкка” курган маеги)

Ө.Текебаев: - Казак тергөөчүлөрү менен менин үчүнчү жолугушуум болду. Алар буга чейин эки жолу Кыргызстанда болгон. Анда аларды Башкы прокуратуранын кызматкери жана куралчан адамдар коштоп жүрүп, алар өздөрү каалагандай суроо бере алышкан эмес.
Акыркы күндөрү казак бийлиги менен кыргыз бийлиги сүйлөшүп алды, “карга карганын көзүн чокубайт”, Павлюктун ишин “матрешка ишиндей” эле жаап койду деген сөз Кыргызстанда тарап жаткан.

Кечээ казак укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча мен чек арадан өтүп сурак берип келдим. Бул факт Павлюктун иши жабылбагандыгын, Казакстан укук коргоо органдары мунун үстүнөн иштеп жатат дегенди билдирет. Тергөөчүлөрдүн пейилинен, берген суроолорунан улам алар бул ишти аягына чыгарууга ынтызар экендигин көрдүм. Анткени алар казакстандык жергиликтүү коопсуздук кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн өздөрү жашырынып жүрдү. “Бул чек ара, баары коррупцияланган, бул жерде алардын кыргыздын коопсуздук кызматкерлери менен байланышы болушу мүмкүн”, деп алардан өздөрү качып жатышты. Чынында эле жергилктүү коопсуздук кызматкерлери биздин артыбыздан кайсы жерде сурак жүрүп жаткандыгын издешиптир.

- Кайсы жерде сурак жүргүзүлдү?

Ө.Текебаев: - Кордой райондук полициянын имаратында сурак жүрдү.

- Иште жаңы жагдайлар пайда болуптурбу?

Ө.Текебаев: - Бул жолу казак тергөөчүлөрү “Ата Мекен” социалисттик партиясынын программалык максаттары эмне, Кыргызстанда саясий кырдаал кандай, саясий оппоненттерди жана журналисттерди кысуу кандай формада, кандай масштабда өтүп жатат, Павлюк менен “Ата Мекен” партиясынын ортосундагы кызматташуу кандай деңгээлде, багытта эле, Павлюктун өлүмүнө кимдер кызыкдар болушу мүмкүн деген суроолорду койду.

- Бул казак тергөөчүлөрү жеке эле адам өлтүрүү фактысы эмес, иштин айланасында саясий негиздерге да кызыгып жатат дегенди билгизеби?

Ө.Текебаев: - Ооба, мындан мурун Казакстандын ЕККУдагы өкүлү Адил Ахметов “Павлюктун өлүмү бул саясий буюртма өлүм. Кылмышка тиешелүү кыргыз жарандары кармалып, камакта”, деп оозунан чыгып кеткен. Казак укук коргоо органдары муну ак же көк деп, шектүүлөр кармалганганы же кармалбаганы тууралуу эч нерсе айтышкан эмес.

Кечээ сурактын жүрүшүндө мага беш адамдын сүрөтүн көргөздү. Ал сүрөттөрдүн үчөөнүн өзгөчө белгилерине караганда, колго түшүрүлгөндөн кийин полициянын бөлүмүндө тартылганы көрүнүп турат.

- Сизде бул иш боюнча кыргызстандык үч жаран Казакстандын укук коргоо органдарында кылмышка шектүү деп кармалып турат деген божомол барбы?

Ө.Текебаев: - Сүрөттөрдүн өзгөчөлүгүнө карап, алар полицияда тартылган деп түшүндүм. Биздин үч жаран Павлюктун иши боюнча казак кызматтары тарабынан кармалган. Төрт сүрөттө тең мен тааныбаган жаш балдар, мага бешинчи сүрөттөгү бирөө гана тааныш көрүндү.

Улуттук Коопсуздук кызматында техникалык бөлүмдүн жетекчиси Алдаяр Исманкуловдун сүрөтү гана мага тааныш көрүндү. Казак тергөөчүлөрү Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду мага берди.

- Сиз Алдаяр Исманкулов деп бир жарандын атын атап, мен аны тааныдым деп жатасыз. Канчалык далил менен ишенимдүү түрдө бул сиз атаган адамдын сүрөтү деп айта аласыз? Балким окшош бирөөдүр?...

Ө.Текебаев: - Биринчинден, тергөөчүлөр Алдаяр Исманкулов ким деген суроону беришти. Экинчиден, мен Алдаяр Исманкулов менен жеке тааныш эмесмин. Бирок 2006-жылы январда абдан чоң чатак чыгып, парламенттик иликтөө жүрүп, төрт күн өзүнүн жыйынын ушул жигитке арнаган. Ошондуктан парламенттик иликтөөнүн чегинде Исманкуловду жакшы билем.

Исманкулов 1996-жылы раматылык Рысбек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев менен каракчылык-тоноо беренеси боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ошол кездеги Ички иштер министри Суталиновдун айтышы боюнча 2005-жылы Алдаяров казак ишкерин алдап-тоноого катышкан.

Ал эми Раатбек Санатбаев өлтүрүлгөндөн кийин бир жума өтпөстөн Алдаяр Исманкулов эки мыйзамсыз тапанча алып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок прокуратура аны камаганга улуксаат бербей койгон. Ошондо парламент карап, текшерип Исманкулов тезинен камакка алынсын деген чечим чыгарган.

Бирок Курманбек Бакиев эл адында ачык Исманкуловду колдоп чыккан. Андан кийин эртеси анын атасы жетектеген Дене-тарбия институтуна барып сөз сүйлөп, бул үй бүлөнү ачык колдоорун жашырбастан көргөзгөн.

Ошентип, үч кылмыш ишине аралашкан Исманкулов 2005-жылы кызматынан көтөрүлүп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы болсо, азыр техникалык бөлүмдүн башчысы.

Казак тергөөчүлөрү Коопсуздук кызматынын техникалык бөлүмү эмне иш кылат деп абдан кызыгышты. Мен аны билбейм, бирок бул телефондук сүйлөшүүлөрдү угат, электрондук почтанын мазмунун текшерет жана башка ушуга окшогон бүгүнкү техникалык каражаттардын жардамы менен адамдарды аңдуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзө турган бөлүм деп шек санайм.
O.Текебаев Кордой райондук полициянын алдында, 26-март, 2010

- Өмүрбек мырза айтсаңыз, казак укук коргоо органдары Сизге көрсөткөн материалдардын, иликтөө-тескөө иштеринин негизинде кылмыш жасагандардын атын жарыялайт деп ишенесизби?

Ө.Текебаев: - Павлюктун ишин иликтөө солгундап токтоп калгандай болгон. Күтүүсүздөн ал жанданып, казак тергөөчүлөр активдеше баштады. Россиянын “Регнум” деген маалымат агенствосунун аналитиги “Россиянын олутуу маалымат каражаттарынын баары кыргыз президенти Бакиевге 23-марттан баштап оппозицияга өттү” деп жазды.

Россияда бийликтен көз каранды болгон массалык маалымат каражаттары жөн эле дос мамлекеттин бийлигин сындабайт. Россия бийлиги Грузияны, Украинаны сындаганга улуксаат берген, улуксаат гана эмес ага ишараат берген. Эми Украина ал тизмеден чыгып, Грузиядан кийин Кыргызстан бул тизмеге кошулду.

Мына ушул убакта казак туугандар да жылаандын башын чыгарып, Павлюктун иши жабыла элек, ал биз иштин аягына чыгабыз деп мени чуракка чакыруу аркылуу билдирди. Билдирмек турсун кыргыз жарандарынын бешөөнүн сүрөтүн мага көргөздү. Ошентип алардын үчөө колго түшкөндүгүн, бирөө учурда Коопсуздук кызматынын офицери экендигин кыргызстандыктарга даана билдирди.

- Сиз өзүңүз казак тергөөчүлөрүнөн иш качан аягына чыгаарын, дагы канча иликтөө амалдарын жүргүзүү зарыл экендигин сурап көрдүңүзбү?

Ө.Текебаев: - Өзүңүзгө белгилүү, бул иш Казак Ички иштер министринин орун басарынын түз көзөмөл алдында. Казак тергөөчүлөрү тергөө сырларын балыктай болуп айтышкан жок. Менин айткан байкоолорум алардын берген суроолорунан жана мага көрсөтүлгөн материалдардан улам гана болуп жатат.

Мен жана айтпадымбы, алар өздөрүнүн Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн качып жүрүштү деп. Мындан улам казак бийлиги бул ишти аягына чыгарганга абдан ынтызар деп ойлойм.

- Эгер казак тарап Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар адамдардын аттарын жарыялап, иштин жыйынтыгын коомчулукка алып чыкса, анда кыргыз тараптын иш-аракети кандай болот?

Ө.Текебаев: - Биринчиден, мага сүрөттөрү көрсөтүлгөн кыргыз жарандары шектүү адамдар деп эсептелинет. Аларды азыр кылмышкер деп айтканга эч кимдин укугу жок. Бирок ал шектенүү жөн жерден пайда болгон жок, тиешелүү көрсөтмөлөр, тиешелүү моюнга алуулар, башка далилдер менен бекемделген болуш керек.

Качан казак тарап муну ачыкка чыгарат, качан кармалбаган кыргыз жарандарына издөө жарыялайт – бул белгисиз. Бирок андай жарыялоонун өзү Гуревич менен байланышкан жаңжалга караганда, Кыргызстандык аброюн ондогон эсе төмөн түшүрөт.

- Рахмат, Өмүрбек мырза!

Т. Мурзакулов: Павлюктун өлүмүнө шектүү кыргыз жарандары боюнча казак тараптан расмий кайрылуу болгон жок

(Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакуловдун 29-мартта “Азаттыкка” курган маеги)

- Тилек мырза, Сизге белгилүү болгондой, өткөн жылдын соңунда кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк Алматы шаарында киши колдуу кайтыш болгон. Кийинки маалыматтар боюнча алматылык тергөөчүлөр Кыргызстанга келип, Сиздер менен кызматташып жатканы айтылган. Ушул тууралуу маалымат берсеңиз?

Т. Мурзакулов: - Бул жылдын башында Алматыдан Ички иштер департаментинин тергөө тобу келген. Тергөө тобунун жетекчиси Тимур Стамкулов келип, Кишинев конвенциясынын негизинде укуктук жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Биз ал өтүнүч боюнча Кыргызстандын ичинде тергөө аракеттерин жүргүздүк, керектүү адамдарды чакырып, сурак кылдык. Керектүү документтерди казак кесиптештерге бердик. Алардын өтүнүчүн толук аткарып, керектүү документтерди бергенбиз.

- Казак тергөөчүлөрдүн тобу Кыргызстанга эки жолу келген деген маалымат туурабы?

Т. Мурзакулов: - Балким, эки жолу келгендир. Алардын өтүнүчүн биз бир топ убакыттын ичинде аткарганбыз да. Ошол убакыттын ичинде алар Алматыдан келип-кетип турган.

- Эгер мүмкүн болсо айтсаңыз, казак тергөөчүлөр Кыргызстанда канча кишиге, кайсы тараптарга кызыкдар болгон?

Т. Мурзакулов: - Мен ал тууралуу так айта албайм. Себеби, менин так маалыматым жок.

- Өткөн жумада “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев Казакстандын аймагында казак тергөөчүлөргө сурак берип келди. Ө.Текебаев ошол жерде казак тергөөчүлөр кылмышка шектүү делген беш кишинин сүрөтүн көргөзгөнүн, сүрөттөрдүн ичинен бирөөнү тааныганын, “Ал УКМКнын офицери Алдаяр Исманкулов”, деп “Азаттыкка” айтты. Сиздерге ушул ат таанышпы жана ушул сыяктуу маалыматтар барбы?

Т.Мурзакулов: - Ушул маалыматты мен сизден биринчи жолу угуп жатам. Мындай маалыматтарды казак тарап бул күнгө чейин [кыргыз тарапка] айткан эмес.

- Казакстандык укук коргоо органдары Кыргызстандын Башкы прокуратурасына тигил же бул адамдын атын айтып, же сүрөтүн көрсөтүп расмий кайрылган эмес турбайбы?

Т.Мурзакулов: - Ооба, кайрылган эмес.

- Казак тарап Сиздерге акыркы жолу расмий качан кайрылган?

Т.Мурзакулов: - Бул жылдын башында алардын өтүнүчүн аткарып бердик. Ошол боюнча алар бизге расмий түрдө кайрылган эмес.

- Эгер казакстандык тергөөчүлөр дагы көмөктөшүү тууралуу кайрылса, Кыргызстан тараптан колдоо болобу?

Т.Мурзакулов: - Эгер [казак тарап] кайрылса, биз аны Кишинев конвенциясынын негизинде карап чыгабыз.

- Рахмат, Тилек мырза!

28-мартта УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулу казак укук коргоо органдарынан эч кандай расмий кайрылуу болбогондугун тастыктап, бул тууралуу маалыматы жоктугун “Азаттыкка” билдирди.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG