Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Павлюкту эскерүү боюнча тилектештик акциясы


Киши колдуу болуп көз жумган журналист Геннадий Павлюктун кырк күндүгүнө карата эскерүү иш чаралары өтүүдө. Жергиликтүү жана эл аралык бир катар медиа уюмдар журналистти эскерүү боюнча бирдиктүү акцияны башташты.


“ЭСТЕН КЕТПЕЙТ. Павлюктун киши колдуу болгонуна 40 күн болду”

Мына ушундай эскерме жазууну бардык маалымат каражаттарында жайгаштыруу жөнүндө чакырыкты “Журналисттер” коомдук бирикмеси башка бир катар медиа өкүлчүлүктөр менен алдын ала тараткан. Муну менен кыргыз медиа журтчулугу 51 жашында белгисиз жагдайда көз жумган Геннадий Павлюкту эскерүү акциясына үн кошо алат.

- Бул жерде чакырык, же дагы бир нерсе жок. Бул биринчи ирээтте эскерүү жана журналисттерди биримдикке чакыруу иш-аракети,-дейт “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев.

Геннадий Павлюктун жакындары, санаалаштары он күн мурда Бишкек шаардык бийлигине кайрылып, Эркиндик сейил багы менен Ала-Тоо аянты кесилишкен тушта жүрүш жасоого уруксаат сурашкан. Бирок шаар бийлиги жүрүштү уюштурууга улуксаат берүүдөн баш тарткан. Атын атабоону суранган демилге тобунун өкүлү “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Биз жагылган шамдар, гүлдөр менен жүрүш жасоону ойлогонбуз. Бирок мындай жүрүш балким кандайдыр бир козутум менен коштолуп кетиши мүмкүн деп, айтор улуксаат беришкен жок. Болгону алар биз көпчүлүктүн көңүлүн бурбай Павлюк жашаган үйдүн оозуна чогулсак болоорун айтышты.


Геннадий Павлюктун жубайы Ольга Кара-Ой айылындагы Павлюктун бейитине анын үй бүлө мүчөлөрү, өтө жакын дос-туугандары гана барып эскерүү расмисин өткөрүп келээрин “Азаттыкка” айткан.

Казак-кыргыз маалымат согушу

Журналисттин өлтүрүлгөнүнө кырк күн болсо дагы кылмыш иштин бети ачыла элек. Тескерисинче, Павлюктун өлүмү коңшу эки өлкө ортосунда маалымат согушуна айлангандай түр берет.

Казакстандык менчик КТК (Казакстандын кабелдик телевидениеси) сыналгысы жаңы жыл алдында журналист Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын коопсуздук кызматынын тиешеси бар деп жарыялап жиберген. Кыргызстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы болсо мындай маалыматты чындыкка коошпойт жана ойлоп табылган нерсе деп дароо четке каккан.

14-январда коңшу өлкөнүн “Время” гезити журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланышкан “Спецоперация” деген аталыштагы макалада журналисттин өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети толугу менен ачылып, кимдердин колунан келгени аты-жөнү менен такталгандыгы, бирок ишти аягына чыгарууга казакстандык тартип коргоо органдарынын колу кыска болуп жатканы жазылган.

26-январда Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Жогорку Кеңештин жыйынында Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча казакстандык атайын топ Бишкекке келип, иликтөө иштерин жүргүзүп кеткенин айткан. Ал ошондой эле буга чейин айтылып келгендей бул кылмыш ишке Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар деген маалымат негизделбегенин билдирген:

- Алар бул жакта биздин топ менен бир жумадай иштешти. Иликтөө боюнча бардык биргелешкен иш-аракеттерди жасашты. Алар дагы кыргызстандык жарандардын бул кылмышка тиешеси бар экенини негиздей алышкан жок.

14-январда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Венадагы баш кеңсесинде Казакстандын бул уюмдагы төрагалыгы башталган күнү расмий Астананын өкүлү Адил Ахметов Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүнө төмөнкүдөй баа берген:

- Бул саясий өлтүрүү. Тырмакчадагы кимдир бирөөлөргө ал тоскоолдук жасаган. Журналист өзүнүн журналисттик гана иши менен алектенген. Эмне кыласың. Кылмыш жасалды. Учурда күнөөлүүлөр кармалды. Албетте, белгилүү бир чаралар көрүлөт.

Мына ушундай эки тараптын алым-сабак билдирүүлөрүнөн кийин коомчулукта «Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматынын катыштыгы бар» деген сөздү маалымат каражаттары аркылуу жайылтып, казак тарап расмий Бишкек менен соодалашууга өткөн өңдүү деген жоромол күчөгөн. Айрым серепчилер Ысык-Көлдөгү төрт эс алуу жайынын Казакстанга узак мөөнөткө ижара берилгени бул жоромолду тастыктады деп да айтып чыгышты.

Киши колдуу өлгөн журналисттер - Саипов Алишер, Павлюк Геннадий. Кезекте ким?


Эл аралык коомчулуктун күткөнү

Журналист Павлюк өлтүрүлгөндөн бери АКШ Конгресси, ЕККУ, Европа Биримдиги, “Хьюман Райтс Уотч”, “Фридом Хаус”, “Чек арасыз кабарчылар” сыяктуу бир катар эл аралык өкүлчүлүктөр журналисттин өлүмү анын кесибине байланыштуу экенин белгилеп, кылмыш иштин бетин ачууга Казакстан менен Кыргызстанды бирдей чакырган.

Окурмандарга Ибрагим Рустамбек деген ат менен белгилүү болгон көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда Фурманов көчөсүндөгү үйдүн 6-кабатынан колу-буту байланып ыргытылып, эс учун жоготуп жаткан жеринен табылып, ооруканага жеткирилген. Алты күндөн кийин – 22 декабрда эс учуна келбей көз жумган. Артында уулу жана жубайы калды.


Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм

ЕККУ төрагасынын өкүлү Адил Ахметов Венада сүйлөгөн сөзүндө "Г. Павлюк журналисттик ишмердүүлүгү менен кимдир-бирөөгө жолтоо болгон,” - деп айтты.


Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG