Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

БУУнун башкатчысы Борбор Азия боюнча сапарын баштады


Бул - Пан Ги Мундун аймакка жасап жаткан алгачкы сапары. Башкатчы адегенде эле Ашхабадда токтоп, түркмөн жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрөт жана БУУнун Алдын алма дипломатия боюнча аймактык борборунда болот. Түркмөнстандан соң 3- апрелде Кыргызстанга келет. Андан ары Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанга барат. Улуттар уюмунун билдиргенине караганда, иш сапары учурунда Пан Ги Мун аймактык кызматташтык, өзөктүк куралды жайылтпоо, климаттын өзгөрүшү, өнүгүүгө колдоо көргөзүү, жакырчылыкты кыскартуу өңдүү маселелерге көңүл бурмакчы. Ал ошондой эле суусу соолуп кеткен Арал деңизинин абалын, СССР учурунда өзөктүк курал сыналган жай – Семипалантинскти өз көзү менен көрүп кайтат.

XS
SM
MD
LG