Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Ошто сабалган оппозиция өкүлүнүн абалы оор бойдон


Элдик курултайдын Ош облустук уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү «Мыйзамдуулукту коргоо жана колдоо» деп аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев бүгүн Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Бөлүмдүн башчысы Курсанбек Калыевдин айтымында, жабырлануучунун мээсине кан куюлган, учурда операцияга даярдалууда. Ал эми туугандарынын сөзүнө караганда, Кангелдиевдин акыбалы оор бойдон калууда. “Азаттыкттын” кабарчысы анын өзү менен жолукканда саясатчынын тили күрмөөгө келген жок.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» маалымдаганына караганда, окуянын негизинде кылмыш иши козголду. Сабоо Абдыкайым Кангелдиевдин саясий ишмердүүлүгүнө байланышкан же бейбаштарга туш келген жана кимдир бирөөлөр менен мушташуусу ыктымал деген версиялар каралууда.

Оппозиция өкүлү Абдыкайым Кангелдиевди белгисиз бирөөлөр 3-апрель күнү кечке жуук өз үйүнөн алыс эмес жерде сабап кетишкен. Дарыгерлер жабырлануучунун мээси чайкалып, бети-башы жарылып, көзү катуу запкы жегендигин айтууда. Партиялаштары Абдыкайым Кангелдиевдин токмоктолушунун себебин анын саясий ишмердигинен көрүп жатышат. ATo)

XS
SM
MD
LG