Таластан кабарчыбыздын кабарлоосуна караганда, ИИМдин Талас облустук имаратында милиция кызматкерлери менен турган ички иштер министри Молдомуса Конгантиев курчап турган элге кайрылып, милиция кызматкерлерин чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурады. Бирок чогулган эл Таласта, Бишкекте кармалган кишилер бошотулгандан кийин андай мүмкүнчүлүк берилерин билдирүүдө.(AiT)