Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

К. Бакиев: Мени 70% ашуун эл шайлаган


К. Бакиев бул тууралуу Би-Би-Си жана “Эхо Москвы” үналгыларына берген интервьюсунда билдирген. Ал ошондой эле 23-мартта өткөн Ынтымак курултайында элден шайланып келген делегаттар өзүнүн башкаруу курсун толук колдоого алышканын айтты. К. Бакиев азыркы убактылуу өкмөттү тааныбай турганын, бирок алар менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Айтымына караганда К. Бакиев бийликти алуу максатында мындай даярдыктар көрүлгөнүнөн кабардар болгон эмес. Ал Бишкектеги, Таластагы жана башка жактардагы баш-аламандык, талоончулуктардын баарына бийликке күч менен келгендер айыптуу деп эсептейт.
К. Бакиев 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолордун натыйжасында бийликке келип, ошол эле жылы 10-июлда президент болуп шайланган. Өткөн жылы 23-июлда экинчи мөөнөткө 77% добуш менен шайланган. Ал эми оппозиция жана эл аралык байкоочулар шайлоо мыйзамдарды өтө одоно бузуу менен өткөнүн кабарлашкан. Акыркы убактарда К. Бакиевге уулу Максимди өзүнүн ордуна коюу үчүн Башмыйзамда жок жогорку кызматтарды түзүп, анын жетекчилигине койгон, мына ушул максатта Башмыйзамды алмаштырууга аракет кылган, элди экономикалык каатчылыкка кептеген, буга каршылыгын билдирген жарандарды куугунтуктаган деген нааразылыктар күчөгөн эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG