Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Кадрдык баш-аламандык азыркы кырдаалга байланыштуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, азыркы кадрдык дайындоолордун баары убактылуу өкмөт башчынын макулдугу менен жасалып жатат жана башында азыноолок түшүнбөстүктөр болуп кетти. Кечээ Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Молдобаев аталган кызматта жаңы дайындалган жетекчиге нааразы болгондор көп экенин билдирди. Анын айтымында, 8-апрелде убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев Бажы кызматынын жетекчиси кылып Дмитрий Феодоровду дайындаган. 9-апрелде болсо өкмөттүн дагы бир өкүлү Азимбек Бекназаров барып бул кызматка Эрнис Акматовду отургузган. Кечээ болсо убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев Бажы кызматына барып жетекчиликке Кубаныч Кулматовду койуп келиди. (EBM)

XS
SM
MD
LG