Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

АКШнын расмий өкүлү бүгүн Кыргызстанга келет


Мамдепартаментинин өкүлү Роберт Блэйк - өткөн аптадагы ыңкылаптан бери Кыргызстанга барган алгачкы жогорку деңгээлдеги америкалык өкүл. Ал утурумдук өкмөттүн жетекчилери менен жолугушат. Блэйктин айтымында, расмий Вашингтон азырынча утурумдук өкмөттү тааный элек, бирок ал бийликке “мамлекеттик төңкөрүш” аркылуу келди деп эсептебейт. Америкалык дипломат президент Курманбек Бакиев менен жолугуу тууралуу планы жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG