Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Р.Блейк: АКШ утурумдук өкмөттүн аракеттерин колдойт


Бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк эки күндүк иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Р.Блейктин айтымында, эки күн аралыгында ал утурумдук өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөдөгү абал менен кенен таанышып, апрелдеги ыңкылапта курман болгондордун жакындарына көңүл айткан. Ошондой эле Конституция тууралуу өкмөт мүчөлөрү менен кеңешүүлөр жүргөнүн, алты айдын ичинде Баш мыйзам кабыл алынаары тууралуу дагы айтты. Ошондой эле АКШ адам укуктары, мыйзамдуулук маселелери боюнча утурумдук өкмөттүн ЕККУ менен кызматташуусун дагы толук колдой турганы белгилүү болду. Р.Блейктин айтымында, өлкөдө демократияны орнотууга тарыхый уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.
Ал эми Р.Блейк Манас транзиттик жүк ташуу борбору тууралуу утурумдук өкмөт менен сүйлөшүүлөр болбогонун айтты. Бул тууралуу маалымат жыйындан “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Р.Блейк эми жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG