Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Ошто кайрадан митинг өттү


Ош шаарынын борбордук аянтында миңге чукул адам митинге чыкты. Алар Ички иштер министрлигинин түштүк аймак боюнча мурдагы орун басары Расул Райымбердиевди абактан бошотууну талап кылууда. Чогулгандардын айтымында, Р.Райымбердиевди Кара-Суудагы үйүнөн күч органдары кармап кеткен. Митингчилерге облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков чыгып, бул маселе мыйзамдык түрдө, атайын органдар тарабынан иликтенген соң чечиле турганын айтты. Ал ошондой эле телефон аркылуу Райымбердиев менен сүйлөшүп, анын ден-соолугу жакшы экенин, ага кысым жасалбаганын билдирген соң, митингчилер тарады.Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы маалымдады.(AiJu)

XS
SM
MD
LG