Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:21

Апрелде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул берилүүдө


7-апрелдеги кагылышууда каза болгондордун жетимишинин үй-бүлөсүнө жөлөк пул берилди. Бул тууралуу утурумдук өкмөттүн өкүлү, социалдык тармакты көзөмөлдөгөн Элмира Ибраимова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айрымдар бир миллион сомду толугу менен, башкалар жарым-жартылай алды. Башкалар жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултууда. Э.Ибраимов аталган каражат ошондой эле апрелдеги окуялардан жабыркаган тартип сакчыларына да берилээрин айтты. (AiJu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG