Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Асмус: Россия-Грузия согушу сөзсүз болмок


Грузиянын саясый картасы
Грузиянын саясый картасы

2008-жылы августта Россия-Грузия арасындагы согуш кенедей Түштүк Осетия үчүн болгонбу? Саакашвили президент болбосо, согуш болот беле?

Эгер Кыргызстандагы апрель ынкылабы Москванын ташын оорлотобу? Бул суроолорго Брюсселдеги Трансатлантикалык борбордун аткаруучу директору, таанымал эксперт Рональд Асмус “Азаттыкка” берген интервьюда кеңири токтолот.
Грузиядагы согушка каршы митинг. Москва, 25-август 2008


Саакашвили президент болбосо да Россия Грузияга согуш ачмак

Р. Асмус жакында эле “Дүйнөнү солкулдаткан кичинекей согуш: Грузия, Россия жана Батыштын келечеги”(A Little War That Shook The World: Georgia, Russia and the Future of the West) деген эмгекти жарыялады. Китепте эки жыл мурда Россия жана Грузия ортосунда болгон согуш кылдат иликтелгендиктен, изилдөөчү орус аскерлерин грузин жерине басып кирүүгө түрткөн саясый-стратегиялык себептерди мыкты билери күмөнсүз. Асмустун айтышынча, 2008-жылы августа Россия согушка Грузияны Батыш менен жакындатпоо максатында барган:

- Бул согуш эң алды Европадагы коопсуздуктун эрежелери үчүн болду. Көпчүлүк америкалыктар, анын ичинде мен өзүм да беш жыл мурда Кансыз согуштан кийин Европада калыптанган коопсуздук архитектурасы региондо жаңы уруштун чыгышына жол бербейт деп ойлогонбуз. Бул жүйөдөн улам АКШнын стратегиясы Жакынкы Чыгышта жайылып бараткан калабаларга бурган. Андай бурулуш 2002-жылкы Прага саммитинде НАТОго Ортолук жана Чыгыш Европадан тартып, Балтикадан Кара деңизге чейинки өлкөлөр кабыл алынганда жасалган. Менимче, бул согуш ошондо түптөлгөн жаңы эрежелерге Россиянын ишенбей калганын көрсөттү. Себеби Прага саммитинде бекитилген оюн эрежелери ар бир өлкөнүн өз багытын жана союздаштарын тандап алуу укугуна да негизделген эле. Мен өз китебимде далилдегендей, согуштун негизги себеби Абхазия же Түштүк Осетия же этникалык араздашуу эмес. Согуш - Грузиянын Батышка кошулуу тилеги жана Россиянын өлкөнү Батышка жөнөтпөө аракетинин туундусу болду.

Президент Михаил Саакашвили. 9-апрель 2010
Айрым серепчилер тарабынан Грузияда президент Михаил Саакашвили эмес, башка оор
Премьер-министр Владимир Путин. 6-апрель 2010
салмактуу саясатчы болсо, согуш чыкмак эмес деген пикирлер айтылган. Мындай көз карашка Рональд Асмус кошулбайт:

- Бул инсандар арасындагы чатак эмес. Бул мүдөө-максаттардын, геосаясый кызыкчылыктардын согушу. Балким премьер-министр Путин менен президент Саакашвили арасындагы инсандык келишпестик драмага 10, 15 же 20 процент салым кошкондур. Эгер Саакашвили болбогондо да, азыр грузиндердин 80, 75 проценти алиге Батыш менен жакындашууну калашат. Бул чатак жөндөлбөгөнүн көрсөтөт.

Эксперт согушка баа берүүдө грузин тарапты канчалык күнөөлөгөн менен, уруш грузин жеринде болуп, орус аскерлери бөтөн элге басып киргенин эстен чыгарбаш керек деп санайт.

Россия чабуул жасап, Батыш коргонууда

Москванын Кыргызстандагы бийлик алмашууга болгон мамилеси Россиянын экс-советтик мейкиндиктеги жана жакын коңшулары арасындагы аброюна кандай таасир этиши мүмкүн? Бул суроого Асмус мындай жооп берет:

- Менимче, бул боюнча Россиянын айкын көз карашы, стратегиясы бар жана Россия азыр чабуулга өтүп, биз бул оюнда коргонуп жатабыз. Муну Украинада, Грузияда жана Кыргызстанда көрүп жатасыздар го деп ойлом... Азыр маселе бул күнкорсуз жана эгемен мамлекеттердин Батыш менен союздаш болууга чындап эле укугу бар экени жөнүндө болууда. Алар андай союзга даярбы, биз аларды кабыл алабызбы? Кеп ошо жөнүндө жүрүүдө. Биз азыр кээ бир базалык маселелерге кайтуудабыз. Россиянын чек арасына жакындаган сайын маселе Москва үчүн сезимтал боло баштайт. Бул бирок биздин универсалдык баалуулуктарыбызды жана принциптерибиз үчүн сыноо.

Ошон үчүн Роналд Асмустун айтымында, азыр Батыш чогулуп алып, акыркы 20 жылда эмне каалаганын жана айткысы келген принциптер тууралуу эмне ойлогонун талкуулап алышы шарт.

XS
SM
MD
LG