Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Атайын комиссия Бакиевчилердин мыйзамсыз иш-аракеттерин иликтейт


Өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, апрель окуясында жазыксыз жарандардын өлүмүнө тиешеси бар адамдарды табуу максатында, ошондой эле талап-тоноочулуктун, рейдерчиликтин алдын алуу үчүн Убактылуу өкмөт комиссия түздү. Комиссия башчысы болуп утурумдук өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев дайындалды. Анын курамына коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков, ички иштер министринни милдетин аткаруучу Бакыт Алымбеков өңдүү күч структураларынын башчылары, Ош облусунун жетекчилери кирди. Бул буйрукка ылайык, Каржы министрлиги К.Бакиевдин жакындары тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз иштерди жоюу операциясына каражат бөлүп бериши керек. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.(AiJu)

XS
SM
MD
LG