Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

АКШ: Конгресс “Манаста” май коррупциясы бар-жогун иликтөөгө киришти


 'Манас' аба бекетиндеги америкалык аскерий учак текшерилүүдө. 15-апрель 2010-ж.
'Манас' аба бекетиндеги америкалык аскерий учак текшерилүүдө. 15-апрель 2010-ж.

Конгресстин кичи комитети “Манас” аба бекетиндеги мурдагы аскерий база же азыркы транзиттик борбордун иши менен байланышкан келишимдерде коррупция бар-жогун иликтөөгө киришти.

Анын жүрүшүндө базаны күйүүчү май менен камсыздаган компаниялар К. Бакиевдин үй-бүлөсү менен коммерциялык келишимге барган-барбаганы аныкталуусу керек.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кичи комитетинде 22-апрелдеги алгачкы угуу “Кыргызстандагы кризис: отун, келишимдер жана Ооганстандагы коалиция күчтөрүн камсыздоо маршрутунун боюндагы ыңкылап” деген тема астында өттү.

Угуунун жүрүшүндө америкалык мыйзамгерлер Борбор Азия боюнча эксперттер менен пикир алмашты. Негизги көңүл Кыргызстанда 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин антиамерикалык маанай барбы, эгер андай болсо күздөгү шайлоого чейин коомдук пикирди өзгөртүү үчүн АКШ эмне кылуусу керек? - деген суроолорго бурулду.

“Бакиевге жагынуу”

Эксперттердин көз карашы бир жерден чыкты.

Алар биринен сала экинчиси Кыргызстанда антиамерикалык маанай бардыгын, Кошмо Штаттар акыркы сегиз жыл ичинде демократия жана айкындуулуктун тарабында туруу мүмкүнчүлүгүн жоготкондугун белгилешти.

Маселен Стетсон университетинин профессору, соңку эки жылдан бери Кыргызстандагы оппозициянын кыймылын иликтеп келе жаткан Юджин Хаскинин (Eugene Huskey) пикиринде, балким АКШ алдыда айтылган мүмкүнчүлүктү жоготпосо да, жээрип келди:

- Биз бул жерге Кошмо Штаттар диктаторго жагууга аракеттенгенинен улам чогулдук. Согуш учурунда оор чечимдер кабыл алынуусу керектигин түшүнөбүз. Бирок Кыргызстанда Бакиевдин режими менен байланышыбыз биз бул өлкөдө өзүбүздүн негизги укуктарыбызды сактоо үчүн талап кылынгандагыдан да тыгыз болуп кеткен.

Профессор Хаски ошондой эле өз сөзүндө АКШнын Бишкектеги элчилиги акыркы эки жыл ичинде саясий оппозициянын жана жарандык коомдук өкүлдөрү менен кээде гана пикир алышканын белгилеп, былтыр президенттик шайлоодо оппозициядан талапкер болгон, азыр убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаев ага өзү жана башка саясатчылар америкалык элчи менен жолуга албай жүргөнү жөнүндө айтканын эске салды.

Ушундай эле дооматтар жарандык коомдун жетекчилери тарабынан да айтылганын кошумчалады.

Угуу учурунда америкалык мыйзамгерлерден түшкөн өтүнүчтөргө жооп кылып, эксперттер тобу Вашингтон шайлоого чейин Кыргызстандагы коомдук пикирди өзгөртүүгө аркеттениши үчүн эмне кылуусу керектиги боюнча сунуштарын беришти. Андай сунуштардын катарында билим берүү жаатындагы алмашууларды жүргүзүү, кыргыз студенттерин окуу үчүн Америкага алып келүү, жарандык топторго, бейөкмөт уюмдарга, массалык маалымат каражаттарына колдоо көргөзүү өңдүү маселелер аталды.

Конгресстин комитет мүчөлөрүнө бул багытта кандай демилге болбосун анын нукура максатын, Кошмо Штаттар аймакта ыңгайлуу өнөктөш издөөнү жана Орусияны таасирине каршы турууну көздөгөн оппортунисттик аскерий күч эмес, демократиялык өзгөрүүлөрдүн колдоочусу жана Кыргызстандын чыныгы досу экендигин далилдөө керектиги жеткирилди.

АКШ беделинин төмөндөшү

Талкуу “Манас” аба бекетиндеги мурдагы база же азыркы транзиттик борбордун тегерегиндеги маселелерге келгенде, америкалык мыйзамгерлер Кыргызстандын коомчулугунун аң сезиминде база жана коррупция байланышта караларын аңдап-билишти. Муну өз сөзүндө Конгресстин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кичи комитетинин төрагасы Жон Тирни (John Tierney) моюнга алды:

- Айрымдар Кошмо Штаттар стратегиялык жана логистикалык максаттан улам коррупцияланышкан жана авторитардык эки режимди кучагына алды деп айтышууда. АКШнын ниети кандай экендигине карабай, президент Курманбек Бакиев, президент Аскар Акаев да АКШ репрессиячыл режимдерди колдойт деген көз караш жайылган учурда бийликтен күч менен кулатылгандыгы факт.

Айта кетүүчү жагдай, Кыргызстандын мурдагы эки президенти тең алардын бийликтен кулатылышына сырткы күчтөрдүн таасири тийди деп эсептейт. Биринчи президент Аскар Акаев ошондой сырткы күч катары кезинде АКШны атаган.

Конгресстеги угууга келген экперттердин бири, эл аралык келишимдерге адистешкен адвокат, он беш жылдан бери Кыргызстандын адвокаттар ассоциациясынын мүчөсү болуп жүргөн Скотт Хортон (Scott Horton) да өз көрсөтмөсүндө кыргызстандыктардын көпчүлүгү база менен коррупцияны байланышта караары жөнүндөгү көз карашты колдоду:

- Бул ыңкылап коррупция деген жалгыз сөзгө барып такалды. Бул жерде мен сүйлөшкөн саясий лидерлердин баары ушундай ойдо. Ыңкылаптан кийин ал жерде мыйзамдуулук, айкындуулук жөнүндө көп айтып жатышат. Америкалык катары алар менен сүйлөшкөнүмдө менден силер мыйзамдын үстөмдүгү, айкындуулук тууралуу ар убак козгойсуңар, бирок муну бизди өлкөдөгү аракетиңерден көрбөй жатабыз го деп кайра-кайра сурашат. Мен жооп бергенден уялам, менимче бул жерде чындыктын үлүшү бар.

Шектүү келишимдер

Эми АКШ Конгрессинин кичи комитети киришкен иликтөөнүн жүрүшүндө базаны күйүүчү май менен камсыздаган компаниялар мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен кандайдыр бир коммерциялык келишимге барган-барбаганы аныкталуусу керек.

Иликтөө мына ушундай айыптоолор чыгып жаткан учурда башталды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Вашингтондогу кабарчысынын билдиргенине караганда, Конгресс комитети
Кыргызстандагы “Манас” жана Ооганстандагы Баграм аба базасын күйүүчү май менен камсыздаган Red Star Enterprises жана Mina Corporation компанияларынын контракттарына кызыгууда.

Бул эки компания Гибралтарда, офшордук аймакта катталган. Ээлеринин ким экендиги жашыруун сыр.

Алар азыркыга чейин Баграмдагы жана "Манастагы" базаларга 1 миллиард доллардан ашуун каражатка май саткан.

Адвокат Скотт Хортон өз сөзүндө аталган компаниялар жана алар АКШ өкмөтүнөн контракты кантип алганы боюнча суроолор көптүгүн, 2001-жылга чейин алардын бардыгы жөнүндө угулбаганын же мурда кийин армияны күйүүчү май менен камсыздоо тажрыйбасы болбогондугун белгиледи.

Адвокат Хортон ошондой эле америкалык “Тhe Nation” журналы жакында жарыялаган макаланы мисалга тартты. Анда Кыргызстандын жетекчилиги биринчи президент Аскар Акаевдин өкмөтү келишимди бекиткенден кийин эле базанын иштөөсүнөн мыйзамсыз пайда көрө баштагандыгы айтылган.

Кезинде Акаевдин баласы менен күйөө баласынын субконтракт түзгөн компанияларына 120 миллион доллар төлөнгөнү көргөзүлгөн. Ушундай эле схема Бакиевдин доорунда да иштеген. Конгресстин кичи комитетиндеги угуу учурунда айтылган маалыматка караганда, базада күйүүчү май үчүн төлөмдөрдөн калпып алынган акча айына 8 миллион долларга чейин жетип турган.

Убактылуу өкмөт жана база

Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат башчысы Эдил Байсалов америкалык “The Nation” журналына жогорудагы Red Star Enterprises жана Mina Corporation компаниялары “Пентагон Кыргызстандын башкаруучу үй-бүлөлөрүн паралоосунун кыйыр жолу катары кызмат кылып келгенин” айткан.

“Азаттыктын” кабарчысы байланышканда Байсалов АКШда башталган иликтөө тууралуу мындай деди:

- Бул АКШнын ички иликтөөсү, ички тергөөсү болот. Анткени коммерциялык уюмдар, мекемелер Пентагондун акчасына Американын учактары, куралдуу күчтөрү үчүн иштеген. Биздин аймакта жасалганы менен бул - Америка өкмөтүнүн иши. Бирок биз буга чейин эле мурунку президент, андан мурдагысы да база боюнча өзүлөрүнүн чөнтөгүн, коммерциялык кызыкчылыгын ойлогон чечимдерди, балким, кабыл алып келген деп айтып жүргөнбүз.

Эдил Байсалов 24-апрелде ачыктаган маалыматка караганда, АКШнын азыркы транзиттик борборунун туруу мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу чечимин мурдагы президент Курманбек Бакиев 10-мартта эле кабыл алып койгон экен.

Базаны транзиттик борборго айланткан былтыркы, алгачкы келишимдин мөөнөтү 22-июнда аяктамак.

Кыргызстандын утурумдук өкмөтү учурда база боюнча акыркы чечимди 10-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин куралуучу өкмөт чечиши керек деген турумду карманууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG