Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

М. Конгантиевдин жактоочулары Ош-Бишкек жолун тосту


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын айтымында, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин 500гө чукул тарапкерлери Ош-Бишкек кан жолунун Бүргөндү-Майлы-Суу бөлүгүн ортосунан бууп, эч кимди өткөрбөй турушат. Алар Конгантиевге ачылган кылмыш ишин токтотуп, толугу менен актоону, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Өмүрбек Текебаев өз колу менен Конгантиевди эл алдына алып келип берүүсүн талап кылышууда. Чогулгандар талаптары аткарылмайын жол ачылбай турганын айтып жатышат. Ал эми Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 150дөй адам чогулуп, Конгантиевдин бошотулушун талап кылып турушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Конгантиевдин атын атагысы келбеген тарапкерлеринин бири билдирди.
Кечээ, 25-апрелде Орусиянын биринчи телеканалы Москвада Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кармалып, Кыргызстанга депортацияланганын кабарлаган. Улуттук коопсуздук кызматы бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG