Ошондой эле аталган органдын уруксатысыз жарыяланган материалдар үчүн массалык маалымат каражаттарынын ээлери жоопкерчиликке тартылаары эскертилген. Бул документке жергиликтүү журналисттер жана бейөкмөт уюмдар каршылыгын билдирип, аны утурумдук Өкмөт жокко чыгаруусун талап кылып жатышат.
Убактылуу Өкмөткө караштуу Ош облусу жана Ош шаары боюнча Координациялык Кеңештин чечиминин негизинде өлкөдөгү саясий абалды турукташтыруу, эл арасындагы моралдык-психологиялык абалды жакшыртуу, туура эмес маалыматтарды таркатып, чагымчылыкка жол бербөө максатында ЭлТР, ОшТВ, МезонТВ, “Керемет» телеканалдарына, «Итоги недели», «Ош жаңырыгы», «Эхо Оша», «Уш садоси» гезиттерине 15-апрелден тарта чектөө киргизилген.
Ага ылайык калкты күмөндүү жыйындарга үгүттөөгө, жеке пикирлерди камтыган көрсөтүүлөрдү жана маалыматтарды аталган органдын уруксатысыз жарыялоого тыюу салынган. Ошондой эле аталган документте чечимди аткарбаган массалык маалымат каражаттарынын ээлери жоопкерчиликке тартылаары эскертилген.
Координациялык Кеңештин төрагасы, Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Рустам Маманов акыркы кезде курчуй түшкөн кырдаалга байланыштуу ушундай чечимге токтолушкандыгын, ошентсе да, документ учурда күчүн жоготкондугун билдирди:
- Биз ушундай иш-чарага аргасыздан бардык. Антсе да, ал чечимди кийинчерээк жокко чыгарганбыз.
Бирок аталган массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Координациялык Кеңештин чечими дале күчүндө тургандыгын айтышууда. Маселен, "МезонТВ" телекомпаниясынын директору Жавлон Мирзаходжаев журналисттерге кысымчылык улантылып жаткандыгын ырастады.
- Туура, бизди кокутуп-үркүтүү болууда. «Аймактагы акыркы окуяларды чагылдыруу зарылбы, же кажети жокпу?» деп журналисттерибиз экиге бөлүнүп калды. Албетте, Убактылуу Өкмөт Координациялык Кеңештин чечими мыйзамсыз экендигин билип туруп, жогорку орган катары аны дароо жокко чыгарууга тийиш. Мындай кадам жаңы бийликтин дүйнөлүк кадыр-баркын көтөрүп, сөз эркиндигинин корголушуна шарт жаратып жаткандыгын айгинелемек, - деди Жавлон Мирзаходжаев. - Ал эгерде буга утурумдук Өкмөттүн эрки жетпесе, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өз кызыкчылыктарын сот аркылуу коргой турушкандыгын кошумчалады.
Ал эми студенттик «Нур» гезитинин редактору Эрнис Нурматов Ошто орногон жаңы бийликти Бакиев режиминин катачылыктарын кайталап жаткандыгы үчүн айыптады:
- Менин оюмча, массалык маалымат каражатттарынын ишмердүүлүгүнө, мейли ал мамлекеттик, коомдук же жеке менчик болобу, Координациялык Кеңеш көзөмөл кылганга акысы жок. Апрелдеги ыңкылап деле өлкөдө сөз эркиндигине тыюу салуудан улам жүзөгө ашпадыбы. А Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү бийликке олтураары менен өткөнүн унутуп, жогорудагыдай жосунсуз жоруктарга аралашса, анда мындан ары жумуриятта зордук-зомбулукка жол ачылышы толук ыктымал.
Оштогу адам укугун коргоо боюнча Эдвокаси борборунун жетекчиси Жеңиш Төрөев бүгүнкүдөй кырдаалда олдоксон айтылган сөз улуттар жана аймактар аралык араздашууга шыкактай тургандыгын билдирип, арийне, Координациялык Кеңеш кабарчыларга таасир этүүнүн демократиялык жолун таап, ошондо да «ММКлар жөнүндө» мыйзамдарды сыйлоого милдеттүүлүгүн белгиледи.
Утурумдук Өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсаловдун массалык маалымат каражаттарына тараткан билдирүүсүнө караганда, Ош облусу жана Ош шаары боюнча Координациялык Кеңештин чечими жаңы бийликтин саясатын туюндурбайт жана мыйзамсыз документ катары эсептелет.
Анткени менен медиа серепчилердин баамында, өлкөдөгү бийлик бутактарынын ортосундагы башаламандык мындан ары сөз эркиндигине жана журналисттердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудураары шексиз.