Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Нью-Йоркто кыргыз жана украиналык актерлор аткарган спектакл көрсөтүлүүдө


Нью-Йорк шаарында “LaMaMa" театрында кыргызстандык жана украиналык актерлер биргелешип “Скиф таштары” аттуу спектаклди 16-апрелден бери көргөзүп жатышат. Спектакл кыргыз жана украин ырчыларынын аткаруусундагы музыка менен коштолууда. Бул музыкалуу оюнду Yara Arts Group тобунун жетекчиси Вирлана Ткач койду. Аталган спектаклди америкалыктар менен катар бул жактагы украиндер менен кыргыздар да келип көрүп жатышат. Бул жаңылыкты “Азаттыкка” аталган спектаклге ырдап катышкан Кенжегүл Сатыбалдиева кабарлады. Анын айтымында, бул театрда буга чейин “Эр Төштүк” жана “Жаңыл Мырза” спектаклдери коюлган экен. (КС)

XS
SM
MD
LG