Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, бүгүн ал телефон аркылуу Беларус элчиси Виктор Денисенко менен байланышканда, элчи кыймылдын К.Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча талабын президент Александр Лукашенкого жөнөткөнүн, бирок расмий бийликтен жооп келбегенин билдирген.
Беларус элчиси кечээ Беларус президентинин басма сөз кызматы маалымат жыйынын өктөрүү маалында журналисттердин суроосуна экс-президент Курманбек Бакиев кайда экени белгисиз деп жооп бергенин кабарлады.
“Виктор Денисенко Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча Беларустун башкы прокуроруна жиберген санкциясы жөнүндө маалыматы жоктугун белгилеп, Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптан андай маалыматты ала электигин кошумчалады”,-дейт Ө.Токтонасыров.
Анын маалыматына караганда “7-апрел” кыймылы Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаровго сын айтуу менен кайрылуу жолдогону жатышат. Буга чейин А.Бекназаров Беларустун башкы покуратурасына Кишинев конвенциясынын негизинде экс-президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө укуктук жактан жардам берүү боюнча катты бүгүн-эртең Минскиге жолдошо тургандыгын 29-апрелде билдирген.
“7-апрел” кыймылы Убактылуу өкмөттөн апрел окуясы боюнча Эл аралык комиссияны түзүүнү, тергеп-иликтөө иштерин ыкчам, тез жүргүзүүнү, маалымат каражаттары аркылуу аткарып жаткан иштери тууралуу байма-бай маалымат берип турууну талап кылышмакчы. (AJ)