Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Мексика булуңуна мунай жыйноочу темир куту жеткирилди


Мексика булуңунун түбүнөн деңизге агып жаткан мунайды токтотуу үчүн курулчу темир куту Луизианнанын жээгинен 80 чакырым жерге жеткирилди. Төрт кабат тамдай бийик темир бетон куту суу астында 1500 метрдей тереңге түшүрүлүүгө тийиш. Жабдуу орнотулгандан кийин кара майды суу үстүндөгү мунай тартчу танкерлерге куюуга мүмкүн болот.

20-апрелде жээктен алыс турган “Бритиш Петрелиум” компаниясына караштуу платформа жарылып, эки күндөн соң чөгүп кеткенден тарта бургуланып жаткан мунай деңизге агууда. Суу бетинде калкыган мунай АКШнын түштүк жээгинин табигый байлыктарына, анын ичинде балык уулоого олуттуу коркунуч туудурууда.

XS
SM
MD
LG