Бул тууралуу Лейлек районундагы Интернационал айылы караган Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Салимбек Умаров “Азаттыкка” билдирди. Кечээ кечке маал мас абалындагы үч кыргыз жигити менен өзбек такси айдоочулары мушташып кеткен. Араздашкандарды милиция келип ажыраткан. Өзбек улутундагылар качып кетип, эки кыргыз бала милицияга түшкөн. Бүгүн аларга административдик кодекстин негизинде айып пул салынып, боштондукка чыгарылды. Учурда айылда абал тынч. Айыл өкмөт башчысы жаңжал жаш балдар ортосунда гана болуп, анын эпкини жалпы аймак тургундарына тарабаганын, айылда азыр абал тынч экенин кошумчалады.
Мунун алдында бул жаңжалдан кийин айыл тургундары чогула баштаганы тууралуу сөз болгон эле. Кыргыз-тажик чегинде жайгашкан бул айылда өзбек улутундагы кыргыз жарандары да жашайт. (EK)
Мунун алдында бул жаңжалдан кийин айыл тургундары чогула баштаганы тууралуу сөз болгон эле. Кыргыз-тажик чегинде жайгашкан бул айылда өзбек улутундагы кыргыз жарандары да жашайт. (EK)