Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Иранда “террорчу” делген беш киши дарга асылды


Бүгүн (9-майда) Ирандын борбор шаары Тегеранда террорчу деп айыпталган беш киши (арасында бир айым да бар) дарга асылганы кабардалды. Расмий ИРНА кабар агенттигинин маалымдашынча, бул беш киши “анти-революциячыл” иш-аракет жүргүзгөн деп айыпталган жана аларга карата эң жогорку жаза Эвин абагында жүзөгө ашырылды.
Билдирүүдө жазалангандардын ысымдары саналып өткөн (Ширин Аламхоли, Фарзад Кэмангар, Али Хейдарйан, Фархад Вакили, жана Мехди Исламйан). Алардын төртөө теги жагынан күрт улуттук азчылыгынан болгону маалымдалды.
ИРНА агенттигинин маалымдашынча, Иран бийлиги бул жазаланган кишилер Ирандын бир нече шаарында коомдук жайларды жана жергиликтүү бийлик кеңселерин жардыруу сыяктуу террордук чараларды жүзөгө ашырган деген бүтүмгө келген.

XS
SM
MD
LG