Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Убактылуу өкмөт Орусиядагы мигранттар менен жолукту


Гитлерлик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин 65 жылдыгына катышуу үчүн Москва шаарына Кыргызстандан Убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева, анын аппарат башчысы Эдил Байсалов жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган делегация барган. Алар Москвадагы жана ага танапташ жаткан аймактардагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал, Убактылуу өкмөттүн кылып аткан иштери, аткарылып аткан реформалык иштер тууралуу айтып беришти. Андан тышкары Р.Отунбаева Орусиядагы кыргызстандыктардын суроолоруна жооп берип, мигранттардын маселеси ар дайым өкмөттүн көңүлүндө болорун айтты. (IJz)

XS
SM
MD
LG