Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Шахзад пакистандык талиптердин буйругун аткарган


АКШнын баш прокурору Эрик Холдер Нью-Йорктун "Times" аянтындагы ишке ашпай калган бомба чабуулунун артында Пакистан талиптери турганын билдирди. “Биздин колубуздагы бүгүнкү далилдер чабуулду пакистандык талиптер уюштурганын ырастады”, -деди Холдер АВС телеканалына берген интервьюда. Холдер бирок АКШ жараны Файзал Шахзаддын "Times" аянтында автомобилге коюлган бомбаны жардырмак болгонун Пакистан өкмөтү билген деп айтууга негиз жок экенин баса белгиледи.

Файзал Шахзад өткөн дүйшөмбүдө Дубайга учканы жатканда кармалган. АКШ бийликтеринин айтышынча, андан эки күн мурда Нью-Йорктун “Таймс” аянтына бомба жүктөлгөн автомобилди айдап барып, калтырып кеткен.

XS
SM
MD
LG