Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Кыргыз-казак чек арасы 11-майда ачылат


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев өткөн апта соңунда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, казак өкмөтү кыргыз-казак чек арасын 11-майда ачуу чечимин чыгарып, ага чейин чек арадан товар жүктөлгөн автоунааларды өткөрө баштады.

Ошондой эле Темир Сариев кыргыз-өзбек чек арасын ачуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
Өзбекстан менен Казакстан 7-апрелден бери чек арасын жаап, өздөрүнүн жарандарын кабыл алып, Кыргызстандын жарандарын аймактарына киргизбей келишүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG