Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

ЕБ Иранга дагы бир мүмкүнчүлүк берди


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкомиссары Кэтрин Эштон Ирандын ядролук программасы боюнча жаңы сүйлөшүүгө макулдук берди. Эштон айым Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Иранга каршы жаңы санкция киргизүү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде 4-6 жумадан кийин башталышы мүмкүн экенин айтты.

Ал ошондой эле Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Саид Жалили менен Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну сурап, мурда Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Даутоглуга кайрылганын белгиледи. “Эгер Иран мага түз чыгып, ядролук куралдардын кубаты боюнча талкууну улантууну каласа, мен маселени 3+3 формасында өз кесиптештерим менен чогуу сүйлөшүүгө макулмун”, - деп кошумчалады Кэтрин Эштон.

"3+3" формасындагы сүйлөшүүгө Евробиримдик, Франция, Германия, Британия, Россия, Кытай жана АКШ кирет.

XS
SM
MD
LG