Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

Мелис Турганбаев ИИМдин орун басары болуп дайындалды


Мурунку ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев “Азаттыкка” Мелис Турганбаевди министрликте бүгүн убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев келип тааныштырганын билдирди. Анын айтымында, М. Турганбаевге алдыдагы референдум жана шайлоолорго чейин өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу милдети коюлду. М. Турганбаев буга чейин да ИИМдин орун басары болуп иштеген. Генарал Ө. Суваналиев М. Турганбаевдин коомдук башталышта жардамчысы болуп иштей баштаганын билдирди. Мындан мурдарак Ө. Суваналиев убактылуу өкмөттү сындап келгенин, бирок мыйзамдуулуктун жана стабилдүүлүктүн бузулушана жол бербей турганын, азыркы бийликте тургандарды колдоп тартип орнотууга көмөктөшөрүн айтып билдирүү жасаган. Ал арада Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп Свердлов РИИБнын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев дайындалганы маалымдалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG