Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:58

Бакиевчилер К. Масировду Жалал-Абад облусуна губернатор кылып шайлашты


Анын бир жарым миңдей тарапкерлери бүгүн кечки саат алтыларда областтык администрацияга барышып, имаратты ээлеп Жалал-Абад облусуна элдик губернатор деп Кошбай Масировду шайлашты. Алар учурда митинг уюштуруп Убактылуу өкмөттүн иштерин катуу сындап, К.Бакиевди мекенине алып келип кайра президенттик кызматына коюу керектигин айтышууда. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз билдирди.

Кошбай Масиров 7-апрел ыңкылабына чейин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеп келген. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров кечинде Улуттук телеканал аркылуу жалпы элге кайрылуу менен чыгып, өлкөдө баш аламандыкты уюштуруп жатышкан Бакиевдин мезгилиндеги чиновниктерге кылмыш иши козголуп, камакка алынарын, аларга катуу чара көрүлөрүн айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG