Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Убактылуу өкмөт Конституциянын долбоорун жактырды


18-майда кечке жуук Убактылуу өкмөттүн жыйыны жабык эшик артында өтүп, анда Конституциялык кеңешмеде даярдалган Конституциянын долбоору талкууга алынды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, талкуунун жүрүшүндө долбоорду 27-июнда жалпы элдик референдумга алып чыгуу чечими жактырылды.

Долбоор менен кошо элдин кароосуна Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бирине мамлекет башчысынын милдетин аткарууга ишеним да суралмакчы. Ал Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева болоору күтүлүүдө. Референдумда элдин ишенимин алган өкүл, мамлекет башчынын милдетин 2011-жылдын октябрына чейин аткарат. Мына ошол мезгилде президенттик шайлоо өткөрүлөт. Ал эми парламенттик шайлоо быйыл октябрь айында өткөрүлөт.

Убактылуу өкмөттүн жыйынында Исмаил Исаков өзү тарабынан даярдалган Конституциянын долбоорун альтернативалык долбоор катары референдумга алып чыгууну сунуштады. Бирок добуш берүүдө Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган долбоор көпчүлүк добушка ээ болду. Ал эми Азимбек Бекназаров 1993-жылкы Конституцияга Убактылуу өкмөттүн декрети менен кайтып келүүнү сунуштады. Бирок ал сунуш да өткөн эмес.

Талкуунун жүрүшүндө долбоорго бир топ өзгөртүүлөр киргизилген. Маселен, Конституциялык Сот болбойт. Анын милдетин Жогорку Соттун Конституциялык палатасы аткарат. Жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоо жолу да өзгөртүлдү. Район акимдерине талапкерлерди райондук кеңеш көрсөтөт. Борбордук бийлик аны бекитет. (AiT)

XS
SM
MD
LG