Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Аликбек Жекшенкулов соттон толук акталды


Бишкек шаардык соту кечээ мурунку тышкы иштер министри А. Жекшенкуловдун кассациялык арызын карап, аны толугу менен актаган чечим кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” экс-министр өзү билдирди. Анын айтымында, сот тышкы иштер министри болуп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптоо боюнча эч кандай күнөөсү жок деп тапты. Ал эми түрк ишкеринин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча "далилдер жоктугуна байланыштуу" анын иш-аракетинде кылмыш болгон эмес деген чечим чыгарды. А. Жекшенкулов министр болуп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекетке материалдык зыян алып келди деп айыпталып, 2009-жылы мартта камакка алынган. Ушул жылдын 10-мартында соттун чечими боюнча беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG