Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

ЖКнын айрым депутаттары парламенттин өзү тарап кеткенин каалашат


Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын айрым депутаттары парламент өзүн өзү таркатуусу керек деп эсептешет. “Ак Жол” партиясынан алты депутат: Жолдошбек Жакыпов, Гулмира Базаркулова, Табылды Орозалиев, Жангороз Каниметов, Нурлан Койчубаков жана Нарынбек Молдобаев мындай сунушун бүгүн өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, мындай чечим күчүндө турган Баш мыйзамдын 63-беренесине ылайык келет.

“Соңку кезде өздөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын таштаган депутаттар саны көбөйүүдө, андыктан Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатканы оң”,- дешет депутаттар.

7-апрелдеги окуялардан кийин Убактылуу өкмөт тарабынан таркатылган Жогорку Кеңеш аракетте болуп, ал тургай Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин жетегинде 19-апрелде кезексиз сессия өткөрүлүп, анда парламент спикери шайланган. (EK)

XS
SM
MD
LG