Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Долларга "көгөндөлгөн" юандын пайдасы


Кытай юаны жана теңгелери
Кытай юаны жана теңгелери

Кытай улуттук акчасы юандын алмашуу курсунун механизми боюнча реформаны акырындап жүргүзөт. Президент Ху Цзин Таонун мындай билдирүүсү Бээжин АКШ каалагандай тез арада юандын наркын өзгөртпөсүн күбөлөйт.

Экономисттердин айтымында, Кытай өз акчасы юандын алмашуу курсун дүйнөдөгү негизги валюталарга салыштырмалуу 40 процентке арзан кармоодо. Мунун натыйжасында, кытайлык өндүрүшчүлөрдүн товарлары эл аралык базарда өтүмдүү болуп, жумушчу күчү кымбат өнүккөн өлкөлөр үчүн экспорт кыйындаган.

Кытай президенти Ху Цзин Ттао(солдо) жана АКШ Мамткатчысы Хиллари Клинтон. Кытай-АКШ аралык Стратегиялык жана экономикалык диалогдун ачылыш салтанаты учурунда. 24-май 2010


Бул тема Мамкатчы Хиллари Клинтон менен финансы министри Тимоти Гейтнер АКШ-Кытай аралык Стратегиялык жана экономикалык диалогдо козгочу эң маанилүү маселе. Бээжинде 24-майда башталган эки күндүк береги саммитке АКШдан 200 мартабалуу адам келген.

Жылдык жыйындын ачылышында сүйлөгөн президент Ху Цзин Тао юанды алмашуу механизми ырааттуу түрдө реформаларын айтты. Кытай юанды 22 ай илгери АКШ долларына бекем “көгөндөп” койгон. Арзан жумушчу күчү жана юандын наркын жасалма жол менен төмөн кармоо 2009-жылы Кытайдын АКШга 227млрд. долларга ашыкча товар сатуусуна мүмкүндүк берген. Мындан улам америкалык конгрессмендердин бир тобу юандын реалдуу курсуна ылайык алмаштырууну талап кылып, кытайлык товарларды АКШда сатууга чектөө киргизилген.

Кытай: Кийим тигүүчү ишкананын жумушчусу.

Президент Ху Цзин Тао Бээжиндеги жыйында Кытай өкмөтү тышкы сооданы баланстоо максатында ички керектөөнү колдоорун да билдирди:

-Биз ички керектөөнү, анын ичинде үй-тиричилигине зарыл буюмдарды керектөөнү көбөйтүүгө, тышкы сооданы баланстуу жана ырааттуу өнүктүрүүгө басым жасап, протекционизмдин бардык түрүнө каршы аракеттенебиз.

Өз кезегинде АКШ финансы министри Тимоти Гартнер Кытайда чет элдик компаниялардын иштөөсү кыйындап баратканына көңүл бурду:

-Кирешелери баланстуу жана ар бир өлкө тең укуктуу атаандашчу ачык глобалдык соода системасын колдоо биздин баарыбыздын кызыкчылыгыбызга жооп берет. Соодадагы ачык-айкындыктан жана инвестициядан биздин эки өлкө чоң пайда тапты. Биз Кытайдын бүгүнкүдөн да ачык болушун колдойбуз.

Кытай тарап Европадагы финансылык кризис кайда барып токтоору белгисиз болгондуктан, глобалдык экономиканын абалына баа берүү мүмкүн эмес деп, өтө этият экени да байкалат. Финансы министри Се Сюжендин сөзүнчө, евронун арзандашы Кытайдын Евросоюзга товар экспортоосуна тескери таасир эткен.

“Учурда Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн борчуна байланыштуу чыгымдар дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө тескери таасир этүүдө” дейт Се мырза.

Бээжин ошол эле учурда Вашингтондун коргонууга да пайдаланууга мүмкүн болгон алдыңкы технологияны, анын ичинде суперкомпьютерлерди, лазердик жабдууларды, ракета жасоодо колдонулчу материалдарды сатууну жеңилдетүүсүн талап кылууда.

XS
SM
MD
LG