Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Германияда президент кызматынан чегинди


Хорст Келердин бүгүнкү жарыясына караганда, анын кызматтан чегинүү жөнүндөгү чечими токтоосуз күчкө кирет. Соңку күндөрү ал немец аскерлеринин Ооганстандагы эл аралык миссияга катышуусу боюнча айткан сөздөрү үчүн сынга алынып жаткан. Жакында Ооганстанга барып келген соң Келер Германиянын куралдуу күчтөрү бул жерде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында да жүргөнүн айткан эле. Президенттин сынчылары аны бул сөздөрү үчүн айыптаган. Жаңы президент шайланганга чейин президент милдетин немец парламентинин жогорку палатасынын төрагасы аткарат. Германияда президентти парламент шайлайт.

XS
SM
MD
LG