Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Бакиевдерге мыйзамсыз өткөн объекттерди иликтөө уланууда


Бул тууралуу Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси бүгүн Талас эли менен жолуккан учурда билдирди. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт Бакиевдер жана анын жакындары мыйзамсыз менчиктештирген объекттерди улутташтыруу боюнча декрет кабыл алган. Ага ылайык мындан ары алардан кирешелери мамлекеттик казынага түшөт. Жолугушууда таластыктар Р.Отунбаевадан жол жана төө бурчак маселелерин чечип берүүсүн, студенттер жогорку окуу жайдагы төлөмдөрдү арзандатууну суранышты. Өз кезегинде Убактылуу өкмөт жетекчиси жаштар мамлекеттик башкарууга тартылаарын, бул үчүн атайын программа иштелип жатканын белгиледи. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG