Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:58

БУУнун Иранга каршы жаңы санкция киргизүүсү иш жүзүндө макулдашылып калды


Бул тууралуу Орусиянын премьер- министри Владимир Путин билдирди. Путиндин айтымында, ал Азиядагы карым-катнаш жана ишеним чаралары кеңешмеси уюмунун бүгүн Стамбулда өтүп жаткан саммити учурунда Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад менен жолугат. Путин саммиттин учурундагы пресс-конференциялардын биринде чыгып сүйлөп, санкциялар “аша чаап” кетпөөсү керектигин белгиледи:

-Биз бул резолюциялар аша чаап кетиши же Иранды, Иранндын жетекчилигин, өзгөчө Иран эли өзөктүк энергияны тынчтык максатта өнүктүрүүсүнө тоскоолдук жасагыдай абалга кириптер кылуусу керек деген көз карашта эмеспиз.

Ал эми Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын Стамбулдан айткан сөздөрүнө караганда, өзөктүк отунду алмаштыруу боюнча жакында Түркия менен Бразилиянын ортомчулугу астында жетишилген макулдашуу – жалгыз мүмкүнчүлүк жана ал “эч убакта кайра кайталанбайт”. Эгер БУУнун Коопсуздук кеңеши жаңы санцияларды жактырса, Иран өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө көнбөйт.

XS
SM
MD
LG