Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш кайра жанданды


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында билдирген ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Самат Бакеевдин айтымында, бул ишти ИИМдин башка кызматы териштирүүдө.

Айрым маалымат каражаттары ИИМдеги ишенимдүү булактарына таянып, М.Садыркуловду өлтүрдү делип шектелген эки адам кармалганын жазып чыгышты. Анда мурдагы президенттин администрациясынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар делип шектелип 31-майда кармалган Адилет аттуу жигит, анын досу Өмүрбек Осмонов Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп шек санаганын билдирип, өзүнүн күнөөсү жок экендигин айтканы кабарланган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы болсо бул боюнча азырынча такталган маалымат жок экендигин билдирди.

2009-жылы 13-мартта президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институнун жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочусу Кубат Сулайманов Алматыдан келе жатып, Бишкектен 25 км. алыстыктагы Кой-Таш айылына жакын жерде табышмактуу жагдайда жол кырсыгынан каза табышкан.

Бул кырсыкка күнөөлүү делип 12 жылга жатак-абакка кесилген Өмүрбек Осмонов быйыл 17-апрелде белгисиз жагдайда бычакталып өлтүрүлгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG