Муну кечээ Брюсселдеги жыйында алянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен билдирди. Баш катчы союздаштарга командалык түзүмдөрдөгү кызматкерлердин санын азыркы 13 миңден 9 миңге, атүгүл 7 миңге чейин кыскартууну сунуш кыларын белгиледи. Ошол эле учурда ал НАТОнун өлкөлөрүн коргоо чөйрөсүнө каралган сарптоолорду ашкере азайтуудан да сактандырды.