Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Ошто каза болгондордун саны 62ге чыкты


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Соңку маалыматка караганда, Оштогу ооруканаларга 790 адам кайрылып, 403ү ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилген. Каза болгондор 70 жаштан ылдыйкы курактагылар экени айтылууда. Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева каза болгондордун саны мындан да көп экенин айтып жатат. Аталган министрликтин башкы штабына ыктыярчы медицина кызматкерлери келүүдө. Алар Оштогу кесиптештерине барып жардам берүүгө даяр.(КЕ)

XS
SM
MD
LG