Оштогу кырдаал менен таанышуу үчүн бүгүн учуп барган Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева шаар мэриясынын алдына чогулган 300дөй адам менен жолугушту. Алар Р.Отунбаевага өзбек улутундагы атуулдардан куралдарды алуу, барымтага алынган кыргыздарды бошотуу жана тополоң башталгандан бери тосулуп турган айылдарды ачуу талабын коюшту. Р.Отунбаева эки күндүн ичинде бул маселелер чечилерин белгиледи. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаев кабарлады. (КЕ)